Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйыны баштала элек жатып аяктады.
Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков бир күн мурун транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев жыйынга расмий чакырылганын, бирок келбегенин айтты.
"Биз сурандык эле, атайын ушул министрликке байланыштуу маселелердин бардыгын бир күнгө топтогонбуз. Өзгөчө жол фонду мыйзамынын аткарылышы. Бирок министрлер жок болуп жатат. Кечээ министр келет деп айтылды эле. Эми орун басарлары келип алып андай болду, мындай болду деп ар кайсыны айтып отурушат", - деди ал.
Жыйынтыгында депутаттар комитет жыйыны министр өзү келгенде гана уланарын айтышып, жыйынды токтотушту.