Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу жана Азия оюндарынан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлдү.
Кыргыз балбан кызы жалпы 82 миң 600 упайы менен биринчиге жайгашты. Экинчи орунга япониялык Юка Кагами 45 миң упайы менен жайгашса, үчүнчүнү 42 миң 900 упайы менен Ян Ванг ээледи.
Айпери Медет кызы Белграддагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утса, Кытайдагы Азия оюндарында алтын байге уткан.