Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концерти өтүүдө. "Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда.
"Жылдын супер саундтреги" наамына “Садагам” ыры менен Каныкей (“Салам, Нью-Йорк!” тасмасына), “Два огня” - Чолпонай (“До+Фа” тасмасына), “Жашырасың” - Съездбек Искеналиев (“Карт бойдок” тасмасына), “Сүйөм дечи” - Элиза Орозова (“Сүйөм дечи” тасмасына) жана Ильяз Андаштын “Кыздарга ишенбе” (“Карт бойдок”) аттуу чыгармасы ат салышкан.
Ырчы Каныкейдин аткаруусундагы "Садагам" аттуу чыгарма "Жылдын супер саундтреги" наамына татыктуу болду.
"Супер-Инфо" гезити жыл сайын ушундай сыйлык менен кубантып турат. Бул 6-статуэткам. Ырды жан дүйнөм менен аткаргандыктан жеңишке жетем деп ишенгем. Тасманын тарткан топко, кыргыз элиме ыраазычылык билдирем",- деди ырчы.