"Ак Ордо, Кут Ордо...". Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө ат коюу керектигин айтып, коомчулукка кайрылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте курулуп жаткан президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын айтты.

Эми Садыр Жапаров жаңы имаратка ат коюу керектигин айтып, коомчулукка кайрылды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат.
Ар кандай сунуштар түшүүдө. "Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот.
Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:24:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан