Кечээ, 9-октябрь күнү Бишкек шаарынын Чүй жана Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Тойота Хайс үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан республика аймагын “Курчоо” иш-мерчеми киргизилип, багыттамалар берилген.
Ыкчам иш алып баруунун жана атайын жүргүзүлгөн иш аракеттеринин негизинде бүгүн, 10-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 533-чакырымында, Ноокен районунун аймагында аталган унаа токтотулуп, аны 1987-жылы туулган А.Ш. башкарып бара жатканы аныкталып, унаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилген.
Ал эми шектүү Ноокен РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Окуя боюнча тергөө амалдары уланууда.