Ошто Кыргызстан менен Орусиянын ЖОЖ ректорлорунун форуму өтөт

13-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Орусиядагы Жождордун ректорлорунун 3-форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарада аймактарды өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролу, эки өлкө ЖОЖдорунун кызматташтыгы, илимий изилдөө иштери, квалификацияны жогорулатуу программалары жана кесиптик кайра даярдоо программалары талкууланат. Ошондой эле жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр болот.
Министрликтен билдиришкендей, форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында эки өлкөнүн билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Эске салсак, аталган форум алгачкы ирет Бишкекте 2019-жылдын март айында Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Ал эми экинчи ирет былтыр, 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында уюштурулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:22:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан