
Согуш болуп жаткан Израилде Кыргызстандын 56га жакын жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) билдирди.
Элчиликтен билдиришкендей, жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.
"Израилдин ар кайсы аймактарында 56га жакын Кыргызстандын жараны бар. Элчилик Израилде жашаган мекендештер жана Герцлия шаарындагы өлкөнүн Ардактуу консулу менен дайыма байланышта",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле Тель-Авивдеги бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыш түзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле мекеме кыргызстандыктарга коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштады.
Зарыл болгон учурда кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү):
+90 5456896800 (Элчиликтин номери),
+972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).