Жалал-Абадда Назарбек Шералиев кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын айтты

Бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад облустук милициясы Назарбек Шералиев кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын билдиргенин маалымдады.

Ага ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери профилактикалык иштерди жүргүзгөн.

"Кылмыштуу чөйрөдө орду чоң болгон, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-жылы туулган Назарбек Шералиев Камчы Асанбектин (Көлбаев) идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтты", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mr.ulan89
2023-10-10 22:51:00
Эми даагы бирөө чыктыбы булар түгөнөбү деги
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан