Ош шаарындагы Ленин көчөсү автобекетке чейин оңдолууда

Ленин көчөсүн Ош автобекетине чейин бир тараптуу толук ачуу жумуштары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Белгилүү болгондой, учурда шаар ичиндеги жол тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки 1,7 чакырым аралыгындагы жолду капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүүдө.

Аталган жол Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул жол бир тараптуу унаа кыймылы үчүн Ош автобекетине туташтырылат.

Учурда мыйзамсыз жана убактылуу курулган объектилерди алып салуу, жолду кеңейтүү жумуштары аткарылууда.

Ошондой эле жеринде жолго асфальт төшөө, жол сызыктарын чийүү, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Аталган тилкедеги коммуналдык тутумдардын ишин иретке келтирүү максатында Ош шаарынын бардык тиешелүү кызматтары да тартылган.

Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн Мамажан менен Загородный көчөсүнө чейинки бир чакырым аралыгындагы жолго буга чейин асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:22:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан