Баткенде бажычылар 4 миллион сомдук акциздик маркасы жок тамекини аныктады

Баткенде жалпы баасы дээрлик 4 миллион сомдук акциздик маркасы жок тамекилер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун аймагында З.Б. аттуу жарандын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүдө унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн акциздик маркасы жок тамеки табылган. Кармалган товарлардын жалпы саны 94 куту же 940 миң даана тамекини түзгөн.

Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган товардын орточо базар баасы 3 миллион 995 миң сомду түзгөн.

Жүк КР жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо үчүн убактылуу бажы көзөмөлүнүн аймагына жеткирилген.

Факты каттоого алынып, материалдар мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Баткен облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mr.ulan89
2023-10-10 22:48:00
Мындай тамекилер шаарда ар бир магазинде сатылып жатат баасы арзан капсуласы менен ичке тамекилер түрү менен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан