"65 Кыргыз жараны бар". Израилдин аймагындагы Кыргыз жарандарынын тизмеси такталууда

Кыргызстандын Израилдеги Элчилигинин (резиденциясы Анкарада жайгашкан) 10-октябрдын саат 20:00гө карата маалыматы боюнча Израилдин аймагындагы кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Элчилик Израилде жашаган Кыргыз жарандарынын тизмесин түзүүдө (учурда тизмеде 65 жаран). Кыргызстандын бардык жарандарына алардын абалын жана Израилдин аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар же жок экенин аныктоо үчүн телефон чалуу жүргүзүлүүдө.

Мекемеден билдиришкендей, үч Кыргыз жарандары Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат.

"Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги Элчилиги Израилде жашаган Кыргыз жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону суранат", - деп айтылат маалыматта.

Зарыл болгон учурда кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү):
+90 5456896800 (Элчиликтин номери),
+972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги консулу).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oleghukoo
2023-10-11 21:40:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан