"Ала-Арча" көрүстөнүндө орун калбай калды. Эми Байтик айылынан 22 гектар жер трансформацияланат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, отурумдун күн тартибинде он маселе каралды.

Алардын бири Бишкектеги көрүстөн маселеси болду.

"Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагындагы 22 гектар жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынды", - деп билдиришти Министрлер кабинетинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан