Көлбаевдин тобундагы “Казбек кара” Бишкектен кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Билалов К.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 10-октябрда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Билалов К.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.

Кармоо кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Билалов К.С. буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2023-10-11 11:03:00
Казбегиңер капказ улутунанбы? Бишкекте эң байкуш кыкеним эле калган турбайбы, Кыздарыбыз болсо борборубузда башка улуттун кафе швеяларында буттары жерге тийбей күн-түн иштеп жатышат
+1
oleghukoo
2023-10-11 21:40:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан