УКМК дагы бир аткаминерди кармады (фото)

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылып алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен П.О.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oleghukoo
2023-10-11 21:40:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан