Эртең борбор калаанын айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт

Эртең, 12-октябрда Бишкектин айрым конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт:

– Саат 9-00дөн 17-00гө чейин Ак-Босого конушунун Профессор Зим, Чүй 29-Чүй 33 көчөлөрүндө электр жабдыктапры ремонттолот;

– Теңдик, Тынчтык, Илим көчөлөрүндө кабелдер алмаштырылат.

– Төмөнкү-Ала-Арча айылында электр чубалгылары тартылат;

– Саат 9-30дан 17-00гө чейин Пригородное айылында (Арсланбоб, Космонавттар, М.Горький, Маяковский, Первомайская, Садовая, Строительная, Юбилейная) бак-дарактардын бутактары кыйылат жана электр чубалгылары тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан