ӨКМнын “Эдельвейс" кошууну “Путин” чокусун багындырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборундагы “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун куткаруучулары “Путин” чокусун багындырышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоо куткаруучулары Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында жайгашкан “Путин” чокусуна 9-10-октябрда жүрүш жасашты. Анын алкагында өздүк курам бийик тоодо куткаруу, машыгуу сабактарын тажрыйба жүзүндө өткөрүштү.
"Тоо башында куткаруучулар альпинисттик шаймандарды колдонуу, адам өмүрүн сактоо, бийиктикте өзүн алып жүрүү, алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу бир катар эрежелерди сактоо менен машыгышты.

Бул иш-чара бийик тоолордо калып калган эс алуучуларды, чет элдик туристтерди куткарууга даярданып, ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oleghukoo
2023-10-11 21:38:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан