Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда соттон билдиришти.
Маалымдалгандай, Замирбек Базарбеков өз сөзүндө эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер көп жылдардан бери туруктуу болуп, ар түрдүү багытта өнүгүп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради Кыргызстандын Жогорку сотунун жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан кадамдар эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоого өзүнүн жакшы салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Белгилүү болгондой, өткөн жылы Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышачылыгы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкен. Сауд Арабиясы Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган алгачкы араб өлкөлөрүнүн бири болгон.