Mega уюлдук оператору сатылды

Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) 11-октябрдагы аукциондун жыйынтыгында 14 миллиард 800 миллион сомго сатылды. Компаниянын 100 пайыз акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалым болгондой, компаниянын аукциондогу баштапкы баасы 14 миллиард 6 миллион сом болчу.

"Мегакомго" ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган.

Буга чейин ызы-чуу менен сатыкка коюлган уюлдук операторго кардар чыкпай аукцион жылдырылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oleghukoo
2023-10-11 21:37:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан