Футзал: Кыргыз курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы 2024-жылы Таиландда өтө турган Азия Кубогуна жолдомо утту.

Кечээ, 11-октябрда Кыргыз курамасы Мальдив аралдары менен беттешип, 8:3 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз футзалчылары тайпада жалпы 6 упай топтоп, экинчи орун менен Азия Кубогуна чыга алышты. Биздин тайпада 9 упайы менен Иран курамасы биринчи орунду ээледи.

Жобого ылайык, сегиз тайпанын ичинен тайпалардагы биринчи жана экинчи орунду алган командалар турнирдин финалдык баскычына чыга алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан