«Газпром Кыргызстан» Новопавловка айылынын 1-тилкесин газ менен камсыздоого ийгиликтүү туташтырды

Бүгүн компаниянын Чүй облусунун Новопавловка айылында жашаган биринчи абоненттерине жаратылыш газын берүү башталды. Новопавловканы газдаштыруу «Газпром Кыргызстан» ири инвестициялык долбоорлорунун бири, анткени мында 146 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулмакчы.

Новопавловка айылы – Чүй облусундагы чоң калктуу конуштардын бири жана 2023-жылы компания газдаштыра турган 12 объекттин бири. Мында 20 миңден ашык адам жашайт.

Жылдыз Артыкова, Новопавловка айылынын тургуну:

"Бул окуяны көпкө күттүк. Жаратылыш газына өтүү жашообузду жеңилдетет. Эми биз үйдүн температурасын өзүбүз каалагандай тууралай алабыз жана бул бизге көп убакытты жана күчтү үнөмдөйт. Андан тышкары, айлана-чөйрө алда канча таза болот. Балдар да көмүр жаккандан коюу түтүн дем албай калат".

Элдияр Рымбеков, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: «Бишкектин жанындагы башка айылдарды, анын ичинде Новопавловка айылын газдаштыруубул кара түтүнгө, ышка каршы күрөшүүдө абдан маанилүү чара. «Газпром Кыргызстан» компаниясына ишти ыкчам аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Жакында эле курулуш-монтаждоо иштери башталып жатты эле, бүгүн биринчи тургундарга газ берилди. Жакын арада башка аймактарда да иштер бүткөрүлөт деп ишенебиз».

Мурат Сулайманов, заместитель генерального директора ОсОО «Газпром Кыргызстан»: «Чүй облусунун ири калктуу конуштарынын бирине – Новопавловка айылына жаратылыш газын берип баштадык. Айылды газдаштыруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда биз 4 км газ өткөргүчтөрүн куруп бүттүк жана биринчи тилкеде жайгашкан үйлөргө газ бере алабыз. Ушул жылдын октябрь айынын соңуна чейин Новопавловканын дагы үч тилкесинде курулуш иштерин аяктоону пландап жатабыз. Мында жалпысынан 146 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, 7 миңге чукул үй чарбасы камтылат».

Белгилей кетсек, Новопавловка айылынан тышкары, «Газпром Кыргызстан» буга чейин Чүй облусунда 14 калктуу конушту газдаштырган. Учурда Селекционное айылында активдүү иштер жүрүүдө.

  • Мыкан а.,
  • Кара-Балта ш.,
  • Сокулук а.,
  • Люксембург а.,
  • Токмок ш.,
  • Шопоков ш.,
  • Кант ш.,
  • Ленинское а.,
  • Гавриловка а.,
  • Романовка а.,
  • Александровка а.,
  • Чон-Арык а.,
  • Кок-Жар а.,
  • Лебединовка а.

Жашоочуларды туруктуу жана ишенимдүү түрдө көгүлтүр от менен камсыздоо үчүн компания 2017-жылы Сокулук газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялаган.

«Газпром Кыргызстан» иштеп баштагандан бери 1250 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курган, муну менен 270 миңден ашык адамга жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгү берилген. Жылдын соңуна чейин компания газдаштырган калктуу конуштардын саны 53кө жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан