Салык кызматери акча талап кылуу боюнча кармалды (фото)

Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 11-октябрда соттун санкциясы менен атайын тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору Б.М.С. кармалган.

"Ал ишкерлерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө үндөп, ортомчулук кылган Ж.Р.К. аттуу жарандын кылмыштуу көмөгү менен ар кандай салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү коркунучу менен чакан жана орто бизнесмендерден акча каражаттарын системалуу түрдө көмүскө чогултууну уюштурган", - деп билдиришти УКМКдан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.С. жана Ж.Р.К. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
spitiaws
2023-10-12 16:10:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан