Арстанбек Темирбаев эки айга СИЗОго камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.
Кармалган Арстанбек Темирбаев кылмыштуу топтун курамында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айыпталууда. Ал 6-декабрга чейин СИЗО-1де болот.
Белгилей кетсек, тергөө амалдары жүрүп жаткан адам 2005-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин иш башкаруучусу болуп иштеген Темирбаев Курманбек Токтосуновичтин уулу.