Ошто айдоочу 3 окуучуну сүзүп кетип, алардын бири каза болду 

Ошто Тойота унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен, алардын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-октябрда Ош жол кайгуул милициясынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М.Ж. аттуу аял 5-октябрда Жапалак айылында жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен. Балдардын бири (2010-жылы туулган) алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

"Мындан тышкары кайгуул милициясы ушул эле айдоочу 9-сентябрда дагы жөө өтмөктөн бир адамды сүзгөнүн, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнүн белгиледи. Ал 15 миң сом айып пул менен кутулду", - деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда унаа айып короосунда турат. Материалдар Ош ШИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat-123
2023-10-12 15:50:00
саткыла дагы айдоочулук күбөлүктөрдү
+2
spitiaws
2023-10-12 16:07:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
-2
Саман
2023-10-13 07:14:00
Катындарына машина айдаткан эркектерге наалат болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан