“Авангард стиль” курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев борбордогу СИЗО-1ге камакка алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Андагы маалыматка ылайык, 9-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. Натыйжада М.Э.И. (Минкеев Эрнис Ихсанович) 4-ноябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынган.
Ишкер УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (“Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча шектүү катары кармалган.