"We`ll be" бий тобу: "Ырчылар менен бийлөө кызыктуу болду"

Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтүп жатат. Учурда эл залдан орун алып, концерти жагымдуу маанайда башталды. Концертти "We`ll be" бий тобу ачты. Оригиналдуу бий кыймылдары менен аз убакытта элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло алган бийчилер концерт тууралуу позитивдүү ой-пикирин билдиришти.  
"Эл сүйүп окуган "Супер-Инфо" гезиттин 11 жылдыгы менен куттуктайбыз. Ырчылар менен бийлеп чыктык. Буга чейин эстрада ырчылары менен бийлөө күлкүлүү экенин бир гана Макс билсе, эми биз да билип калдык. Даярдыкка убакыт азыраак болуп калды. Баары жакшы бийлешти",- дешет "We`ll be" тобунун балдары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан