Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте троллейбустардын каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-13-октябрда борбор калаада КМШ мамлекет башчыларынын саммитине байланыштуу №5 жана №17 каттамдардан башка бардык троллейбустук каттамдар толугу менен токтотулду.
Белгилей кетсек, "Бишкек троллейбус башкармалыгында" жалпы 11 троллейбус каттамдары бар. Алар: №2, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №14 жана №17.
Ага байланыштуу Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.