
ӨКМ катуу шамал болоруна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда ӨКМдан билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, алдын ала берилген аба ырайына, шашылыш билдирүүгө байланыштуу жарандарга коопсуз жүрүм-турумду камсыздоону эскертти.
"Кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына билдирүүнү эсиңизден чыгарбаңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", - деп билдиришти мекемеден.