"Тоолуу райондорго кар жаайт". Жума күнгө карата аба ырайы

Эртең, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз +11…+16 градус жылыйт.

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан