Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Чаткалда 1,17 миллион долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо" долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.

Ал эми бул станциялар калктын коопсуздугун жакшыртуу максатында реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат.

"Демилге Япония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү максатында ишке ашырылган. Анын жалпы суммасы 1,17 миллион долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Объекттерди ишке берүү аземине Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, БУУнын “Өнүктүрүү”программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева, ӨКМнын жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан