Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары канча айлык алары белгилүү болду

Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов автобус жана троллейбустун айдоочулары колдоруна 42-43 миң шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, Отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда коомдук транспорттун айдоочуларына 50 миң сом чегерилип, колдоруна 42-43 миң сом алышат.

"Учурда троллейбус айдоочуларынын резерви да бар, анткени биз айлыкты көбөйтүү жолуна түшкөнбүз: 50 миң сом чегерилет, 42-43 миң сом колго алынат. Азыр 130 айдоочу кезекте турат. Автобустар келсе линияга чыгышат", - деди Максатбек Сазыкулов

Ошондой эле ал жаңы жылдан тарта жаңы төлөм системасы ишке кирсе, айлык акыны дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2023-10-13 12:02:00
Тролейбус тукуна тийиш мумкун автобустукуна 20-30 минге чейин эле тийет штраф кечиктин кир экен ошого окшогоон шылтоолорду айта берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан