Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Ахрор Иминов 4-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Мындай чечимди сот кечээ, 12-октябрда чыгарган.
УКМКнын маалыматына ылайык, Ахрор Иминов жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы фондуна алардын ишмердүүлүгүнөн салык деп аталган нерсени (жалпы пайданын 30%ке жакыны) чогултууга катышкан деп шектелүүдө.