"Кримтөбөл менен тыгыз байланышта болгон". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Алдамчылыкка шектелип 45 жаштагы жаран кармалды. бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.М. атуу жаран кармалды. Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

"2021-жылдын күз айында аталган жаран Бишкектин тургунунан 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары Лексус үлгүсүндөгү унаасын берип, көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар” деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ал көздөгөн максатына жеткенден кийин, унаасын башка адамдарга сатып жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган жаран мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген.

Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан