"Менде да жүрөк бар" ыры менен таанылган Улан: "Дордойдо" тачка түртчүмүн" 

SUPER.KG порталында жакында эле Ысык-Көлдөгү ат майданда «Менде да жүрөк бар» аттуу ырды жандуу үн менен ырдап, көпчүлүктү суктандырган Улан Боронбаев менен маек курду.

Карапайым эле адам экенин айткан Улан Боронбаев атын өзгөртүшү мүмкүн экенин белгиледи.

"2000-жылдары "Дордой" базарында жүк түшүрүп, тачка түртүп иштечүмүн. Жамал деген байке мага жакшы сөздөрүн айтып, көп жардам берди. Анан бир молдодон "Жамал деген ат кандай?" деп сурасам "Жакшы ат" деп жооп берди. Анан Жамал деген ат мага жагат, мен экинчи атым катары колдонуп жүрөм. Мүмкүн келечекте атымды Жамал деп өзгөртүшүм мүмкүн", - деди Улан Боронбаев.

Ошондой эле ал Эрежесиз эр уруш боюнча дагы жакшы жетишкендиктерге жеткенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан