Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бахрейнге каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, жеңилүү ызасын тартты.
Оюн кечээ, 12-октябрда Бахрейндин Манама шаарында өттү. Талаа ээлери 2 голду тең беттештин экинчи бөлүгүндө жаратышты.
Бул оюнга Кыргыз курамасынын бир нече лидер оюнчулары катышкан жок.
Эми "Ак шумкарлар" 15-октябрда Филиппинге каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.