Бишкекте, 13-14-декабрда Супер концертте жылдын суперлери аныкталды. Быйыл "Жылдын супер актрисасы" наамына Аида Тулебаева татыктуу болду. Актрисага сыйлыгын АУЦАнын өкүлү Динара Орозбаева тапшырды. Айта кетсек, Аида Тулебаева быйыл "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу көпчүлүккө таанымал болду.