Бүгүн, 13-октябрь саат 12:14кө карата чет элдик валюталардын курсу менен тааныштырабыз. Бишкектеги коммерциялык банктарда доллар, рубль жана евронун курсу төмөндөгүдөй болууда:
- 1 доллар 89 сом 10 тыйындан сатып алынса, 89 сом 22 тыйынга чейин сатылууда.
- Рублду сатып алуу 90 тыйындан болсо, сатуу 93 тыйынга чейин барууда.
- 1 еврону сатып алуу 93 сом 83 тыйындан болсо, 94 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.
Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 17 тыйын деп көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, 10-октябрда Бишкектеги коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 88 сом 82 тыйындан сатып алынса, 88 сом 97 тыйынга чейин сатылып жаткан.