Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4 миң 700 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Ден Сяопин көчөсү, 306 б дарегинде көмүрдү 4 миң 700 сомдон сатуу пунктун уюштурган. Бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар экени айтылды.
"Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2-сентябрдан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жакында төмөндөгү даректерге 4 миң 700 сомдон көмүр ташылып келери күтүлүүдө.
-Мурман көчөсү 126;
-Алыкулов 6 б;
-Алматы-Объезд (кесилиште);
- Төмөнкү Ала-Арча айылы (Курманалиев көчөсү б/н).