
Ысык-Көл сазан балыктарынын чабактары менен балыктандырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Орточо салмагы 7-8 граммга жеткен сазан балыктарынын чабактарын коё берүү, Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн "Тынч булуң" тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү.
"Сазан балыктарынын чабактарын коё берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү, өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактарын балыктын личинкасы менен балыктандыруу аткарылган", - деп жазылат билдирүүдө.
Коё берилген чабактардын жалпы саны 90 миңди түзөт.