Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.