Баткенде жарандардын Тажикстанга кирип кеткен 3 баш малы кайтарылды

Баткенде милиция кызматкерлери жарандарга Тажикстанга кирип кеткен малдарын кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну 37 жаштагы Мовлянхандын 2 баш ийри мүйүздүү малы, Анипанын 1 баш ийри мүйүздүү малы Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына 7-октябрда кирип кеткен.

"Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 12-октябрда кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 2 баш бодо мал кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан