Беларустун президенти Александр Лукашенко Армения Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөргө карата өзүн дайыма өнөктөш катары алып жүрбөй турганын айтты. Бул тууралуу Беларусь лидери Бишкекте өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында (тар курамда) билдирди.
"Мен сөзүмдү негизгилерден баштагым келет. Шериктештикти түзүүнүн негизги максаты Советтер Союзу кулагандан кийин алакалардын үзүлүшүнө жол бербөө болгонун эске сала кетейин, бул биздин атаандаштарыбызга туура келген эмес жана азыр да туура келбейт. Батыш бүгүнкү күнгө чейин бизди бузуп, алсыратып, өз кызыкчылыктарына баш ийдирген аракеттерин токтотпой келет. Биринчиден, Грузия биздин ассоциациядан чыгып кетти, Украина биз менен эмес. Молдова боюнча тилекке каршы чоң суроолор бар. Армения дайыма эле өзүн өнөктөш сыяктуу алып жүрбөйт", - деди Лукашенко.
Буга чейин Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанда өтүп жаткан КМШ өлкө башчыларынын саммитине келүүдөн баш тарткан Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга нааразы болгон.