Бишкекте саммит учурунда келин толготкон. Аны кайгуул кызматкерлери коштоп жеткиришти (видео)

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери төрөтү келип калган айымды ооруканага коштоп жеткиришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Бүгүн, 13-октябрда саммит учурунда “Бишкек-Манас аэропорту” унаа жолунда Дача Су айылынын жанынан Хонда СРV үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу ошол аймакта кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге жардам сурап кайрылган.
Анда унаадагы келини төрөт үйүнө бара жатып кыйналып жаткандыгын айтып, ооруканага жеткирип коюуну өтүнгөн.
Ошол замат кызматкерлер рация аркылуу жетекчилике чыгып, коштоп жүрүүгө уруксат алып, келинди Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө коштоо менен жеткиришкен.
Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, Чүй облусунун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.
МАИ кызматкерлери толготкон келинди төрөт үйүнө жеткиришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2023-10-13 19:29:00
Эми встречка менен айдадын деп штрафтар келбесе болду
+1
omussae
2023-10-14 22:46:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан