"Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын" симпозиуму түрк маданиятын туу чокуга чыгарды

Ушул жылдын 11-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткан “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиумунун ачылыш аземи болуп өттү.

Симпозиумга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Абдымомунов Айбек, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова Бишкек шаарындагы университеттин ректорлору жана проректорлору, бир нече мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Азем эки өлкөнүн гимни жаңырып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин таанытуу тасмасы менен салттуу спорт оюндары тууралуу даректүү тасманы көрүү менен башталды.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө «Манас» университетинин спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков симпозиумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары” деп аталышы жөн жерден эмес. Түрк мамлекеттери эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин салттуу оюндардын менен улуттук спорттун тарыхына, тактикасына жана окутуу усулдарына маани берип жатканын билдирди.

Түркиянын салттуу спорт федерациясынын президенти, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Салттуу спорт оюндары улут катары кайрадан калыптануубуз үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Улуттук маданиятты жашаткан эң маанилүү нерсе – адамдардын аны ээлик кылуусу жана жашатуусу. Салттуу спорт оюндарыбыз маданият менен спорттун кесилишкен жери, башкача айтканда, спорт менен машыгып жаткан учурда каада-салтыбызды да көрсөтөбүз. Симпозиум байыртадан келе жаткан каада-салттарыбызды келечек муунга өткөрүп берүүдө маанилүү платформалардын бири", -деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан улуттук маданиятты жашаткан эң маанилүү нерсе – адамдардын аны ээлик кылуусу жана жашатуусу экенин баса белгиледи. Маданият жашабаса жоголорун, ошондуктан ар бир улут маданиятына ээлик кылуусу керектигин айтты. Ал эми спорттук иш-чаралар маданиятка ээлик кылуунун бир түрү экенин белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүндөгү бул оюндардын келечекке өткөрүлүп берүүсүндө илимий иштер эң маанилүү экендигин айтып, симпозиумду өткөрүүнүн максаты – түрк салттуу оюндарында өзгөчөлүк жаратуу жана келечек муунга өткөрүп берүү экенин билдирди. “Манас” университетинде салттуу спорт институтунун бар экенине сыймыктанарын кошумчалады.

Мындан тышкары ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк улутунун тамыры менен тыгыз байланышта болгон улут экенине көңүл буруп, түрк коомунун өздүгүнүн негизин маданият түзөрүн белгиледи.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан 11-октябрь күнү “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиумунун 12-13-октябрь күндөрү Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин салттуу оюндарын уюштурууга чоң салым кошкон Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган ыраазычылык билдирди.

"Ат – түрктүн канаты”, - деген ректор, сөзүн мындай улантты: Профессор Алпаслан Жейлан түрк элинин биримдигине жана ынтымагына токтолуп, симпозиумдун катышуучуларына кайрылып: «Бирге өткөргөн бул маңыздуу убакыт келечекке таштала турган маанилүү кадамдардын башталышы болот деп ишенем".

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясына жана “Манас” университетине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар түрк дүйнөсү менен башка маданияттар ортосундагы маданий байланышты бекемдей турганын билдирди.

Түрк элдеринин салттуу спорт мурасын сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлүп жаткан “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиуму зор ийгилик жаратты. Беш сессиядан турган симпозиум Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Орусия жана Кытай өлкөлөрүнөн келген эксперттердин башын бириктирди. Үч офлайн жана эки онлайн-сессияда жалпы 126 доклад окулган симпозиум глобалдык катышууну кубаттап, ар кайсы географиялык аймактардан эксперттердин катышуусуна мүмкүнчүлүк берди.

Программанын соңунда симпозиумдун катышуучуларына ыраазычылык баракчалары тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан