Нарында 225 орунга ылайыкталган мектептин курулуш иштери аяктады

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, объектти куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү.

Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды.

Белгилей кетсек, аталган мектеп 16-октябрда пайдаланууга берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан