Бишкекте саммит учурунда жолду башкарып жаткан МАИ кызматкерин унаа сүзүп кетти (видео)

Бишкек шаарында саммит учурунда жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан жол кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Окуя Бишкектеги Жибек-Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда кайгуул кызматкери унааны таякчасы менен токтотконуна карабай ал кызматкерди сүзүп токтогон.

Кайгуул кызматкери кандай жаракат алганы белгисиз. Милициянын кайгуул кызматы бул боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочулардан саммит учурунда кайгуул кызматкерлеринин талабын кыйшайуусуз аткарууну суранган.

Бишкекте унаа МАИ кызматкерин сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omussae
2023-10-14 22:46:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан