Баткен районунда жакында 8 социалдык объект пайдаланууга берилет

Баткен районунда 8 социалдык объект пайдаланууга берүү алдында турат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар:

- Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;

- Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы;

- Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;

- Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп;

- Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп;

- Достук айылындагы 50 орундуу "Бөбөктай" балдар бакчасы;

- Достук айылындагы ФАП;

-Бассейн;

Бул объекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулду.

Аталган объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда.

Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 объект курулуп пайдаланууга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан