Өлкөдө жашоо минимуму 7,7 миң сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимумунун баасы 7 756,46 сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Бул 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинен 79 сомго жана 2022-жылдын деңгээлинен 578 сомго жогору", - деп айтылат билдирүүдө.

Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8 671,54 сомду, пенсионерлердики 6 878,74 сомду, балдардыкы 6 598,05 сомду түзөт.

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Бишкекте 8 68,58 сом, ал эми эң төмөнү Талас облусунда (7 202,57 сом) калууда.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан