Ашуулар аркылуу маршруткалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды

Эртеңден тарта өлкөнүн ашуулары аркылуу маршруттук автоунаа (сыйымдуулугу 16 орунга чейин) жана дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылбаган минивен менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Мындай чектөө 15-октябрдан башталып, кийинки жылдын май айына чейин созулат. Бул туурасында бүгүн, 14-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта мындай чектөө кыш мезгилинде жол кырсыктардын алдын алуу максатында киргизилгени белгиленет.

Буга байланыштуу ЖКККББ айдоочулардан кышка автоунаасын даярдабай туруп Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыкпоону суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан