Кыргызстанга УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өчүн алуу үчүн мыйзамсыз кирген өзбекстандыктар кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кармалгандар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн. Алар:
- Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997-жылы туулган;
- Рустамов Азамат Шухратович, 1996-жылы туулган;
- Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994-жылы туулган.
"Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы Адам өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, Ɵзбекстан тарапка ɵткɵрүлүп берилди.