Бишкекте эки күндөн бери монгол улутундагы Мөнхзул Цэрэндаш аттуу жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.
Маалымдалгандай, 30 жаштагы жаран 12-октябрь күнү Бишкек шаарындагы Үмөталиев 27 дарегинен кечки саат 17:00дөр чамасында чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ушул эле күнү социалдык тармакка сүрөтүн жүктөгөн.
Жоголгон жаран бул жакта Монголиядан келген үй-бүлө менен чогуу жашаган.
Ал ак футболка, джинсы шым жана боз түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Анын көз айнек тагынып жүрөрү кошумчаланды.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0776 13 26 08 номери аркылуу кабарлап коюуну жакындары өтүнүшөт.